super.kg logo

Саратовдо 2 жеңил унаанын кагылышуусунан 8 Кыргыз жараны жаракат алды. Экөөнүн абалы оор

 

Бүгүн, 4-сентябрда таңга маал саат 06:00 чамасында Орусиянын Саратов шаарында эки жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Кырсыктан жабыркагандардын сегизи Кыргыз өлкөсүнүн жарандары экенин РИА Новости басылмасы шаардык Жол коопсуздугу боюнча инспекциянын кызматкерлерине таянып жазып чыкты. Кырсыктан 9 киши жаракат алган.

"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, Toyota маркасындагы эки унаа сүзүшкөн. Жабыркаган 9 адамдын ичинен экөө оор абалда шаардык ооруканага жеткирилишкен", - деп жазылат маалыматта.

Сокурск трактында катталган бул кырсыкта минивэн унаасы күнөөлүү болушу мүмкүн дешкен тийиштүү органдардан. Ал жол эрежесин бузуп, көчөлөрдүн бириккен жеринен туура эмес кесип өткөн. Натыйжада экинчи жеңил унаа менен кагылышкан. Аталган кырсык боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Ал эми облустук Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлчүлүгүнөн РИА Новостиге билдиргендей, эки жарандын абалы оор, калган 6 жарандын абалы туруктуу орто абалда. Дагы 2 адам ооруканага жатуудан баш тартышып, медициналык амбулатордук жардам алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
04.09.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын.Опкосун колуна алган минивен баары катуу журушот оз козум мн кордум акырын элэ айдашса эмне болот ограничения бар жерде да 100 дон тушбой айдашат учушат тим элэ.
04.09.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каерде кырсык болсо кыргыз ушинтип авария боло берсе дагы праваны алып салышат акырын айдашпайбы
05.09.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кырылмай болду жалан эле авариядан канча омур кыйылды ар бир айдоочу сак болгондо,,мындай болмок эмес..
05.09.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балам границага кеткен болчу,бугун 3- кун.Телефону очук,Же шофердун телефон номерине жок,оюумда ар нерсе,тынч эле болсо экендер,ээ Жараткан,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: