Чеченстан: Мьянма мусулмандарын колдоо митингине 1,1 миллион адам катышты
Мьянмадагы мусулмандарды колдоо үчүн Чеченстандын борбору Грозныйда өткөн митингге 1,1 миллион адам катышты. Бул 4-сентябрда Чеченстандын Ички иштер министрлиги тараткан маалымат. Министрликтин билдиришинче, митинг эч кандай тартип бузууларсыз өттү.
Чогулгандар алдында Чеченстан президенти Рамзан Кадыров сөз сүйлөп: "Бүгүн мен жана ондогон өлкөнүн миллиондогон жарандары дүйнөлүк лидерлерден бул кан төгүүлөрдү биротоло токтотууну талап кылып жатабыз. Күнөөлүүлөр жазаланышын жана адамзатка каршы кылмышка эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылабыз", - деди.
Статистикалык маалыматка ылайык, Чеченстандын калкынын саны 2017-жылдын январына карата 1,4 миллион адамды түзгөн. Мунун 300 миӊи өлкөнүн борбору Грозныйда жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:30
2025-11-11
Рейтинг:
4
4

Супер-Инфо
super.kg видео


















Мусульман мамлекеттери канча , ошолор Кандайдыр Бир келишим тузуп, мусульмандарды алып чыгып кетсе болбойбу?
Дуйно жузу боюнча Кандайдыр Бир фонд тузуп, форум откоруп аларга жардам берсек болбойбу ?
Мен да интернеттен коруп боорум ачыды ...((((
Биздики наоборот.Президентибиз,депутаттар ким экенини билишпейт.Акча болсо болду.Кудай Алдында милдеттерин тыныраак аткаргысыгы келбейт.
Болбосо президенттер чогулуп,дуйнону которуп,аскерлерди жиберип,коргош керек болчу.
Аттин ай,айтса жаман корот,айтпаса билесинер озунор.
Качан ата-бабаларыбыздай
алла таллам озун жардам берекор