super.kg logo

Бишкекте бөтөлкөлөшүн өлтүрүп, өрттөп жиберүүгө шектелген адам кармалды

 

1-сентябрь күнү болжол менен түнкү саат 10:40 чамасында 102 номерине чалуу келип түшкөн. Маалыматта Бишкек шаарынын Токомбаев көчөсүндөгү казылган аңдын ичинен адамдын күйгөн денесинин бөлүктөрү табылгандыгы кабарланат. Мындай маалыматты бүгүн, 4-сентябрда Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди.

Ыкчам топ айтылган дарекке барып, күйгөн дененин бөлүктөрүн экспертизага өткөргөн.

Аталган кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Каза тапкан жарандын ким экендиги болжолдуу түрдө аныкталып, шектүү катары үй-жайсыз бир нече адамдар суракка алынды. Арасынан бирөө маркумду акыркы жолу 19-августта көрүп андан соң кезиктирбегенин айтты", - деп жазылат маалыматта.

Издөөлөрдүн негизинде жогоруда жасалган кылмышка шектүү катары 57 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалып көрсөтмө берген. Маркум менен шектүү 17-августта Түштүк Магистраль тараптагы аңдын ичинен чогуу спирттик ичимдик ичишкен. Шектүүнүн айтымында, каза болгон адам аны уюлдук телефонумду уурдап алдың деп күнөөлөгөн. Натыйжада экөөнүн ортосунда уруш чыгып кетип, шектүү маркумду жыгач союл менен 2-3 ирет чаап жиберип, окуя болгон жерден кетип калган. Ал эми анын денеси өрттөлгөндүгү боюнча сураганда "ошол маалда аңдын ичинде бир нерселер күйүп жаткан. 2-3 күндөн кийин барсам, анын денеси күйүп кетиптир. Сөөктү ошол жерге көмүп андан соң кетип калгам", - деген шектүү.

Окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө, ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
05.09.2017. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо жакшы жанылыктарды байма бай бергилечи сураныч жок болсо издегиле тапса болот. Кунуго канча иреет окуйм ушундай жанылык бешенеме деле бырыш тушуп кетти.
05.09.2017. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuba-savai87, ушундай кабарлар коп окулат. Бул деле бизнестин бир туру болуп калбадыбы.
05.09.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuba-savai87, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
05.09.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактын кесепети..
05.09.2017. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolkun555, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
05.09.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beks0207, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: