super.kg logo

Орзубек Назаровдун кызы кырсыкка кабылган мотоциклди артынан кууган Патрулдук милиция кызматкерлери жумуштан айдалды

 

Бокс боюнча Дүйнө чемпиону Орзубек Назаровдун кызы Аделина Назарова кырсыкка кабылган мотоциклдин артынан кууп барган Патрулдук милициянын эки кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы SUPER.KG`ге билдирди.

"Учурда Патрулдук милициянын эки кызматкери жумуштан четтетилди. Кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, топтолгон материалдардын баары прокуратурага өткөрүлдү. Эми прокуратура материалдарды иликтеп укуктук баа бериши керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек,17 жаштагы Аделина Назарова 19-августка караган түнү саат 1:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган. Анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден каза таап, ага учкашып келе жаткан кыз оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жиберилген. Ал эми жеңил унаадагы айдоочу жана жүргүнчү да ар кандай жаракаттарды алышкан. Башында Патрулдук милиция кызматкерлери мотоцикл жогорку ылдамдыкта бара жатканын көрүшүп, аркасынан бара жатканда жол кырсыгы орун алганын көрүшкөнүн Бишкек ШИИБи билдирген болчу.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
06.09.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Каттуу ылдамдыкта баратса артынан кууганы учун иштен айдалабы? Же........ мен тушунбой калдымбы
06.09.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кайсы күнөөсү үчүн айдалышты. Менимче аларда күнөө жок
06.09.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кууп барып окуя болгон жерден кетип калышканбы
06.09.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Чемпиондун кызы эмес,жонокойдун кызы болгондо тартип бузушту демек.Укканым бар,чемпион агабыз эки патрульныйдын тубуно жетем деп айтканы,а бирок,карангы тунго 17жаштагы кызын кочого чыгарганын мойнуна алгысы келбейби.Ата катары бир туура эмес кылды,озунун титулуна таянып,оз жумушун аткарган адамдарды иштен айдатып,экинчи туура эмес иш кылды.
Биринчи мен кызымды уйдон кое бербегенде бул абалга тушпойт элек демек куноо менде деп,унчукпай эле койсо болмок.
Закон алсыз бизде,аттин ай
06.09.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Негизи быйликтегилер отуруп алып эле кимде акча болсо ошону котормойу бар кимде акча жок жумуштан кетирет гунону бары тиги албарстида болуп атса анан неге тигилерды жумуштан кетирет тигилер кубай койгондо кудай сактасын башка бегуно адамдар Каза болмок менин лично ойум ошондой эмне тиги кызды атасы Чемпион болсо эле жумуштан кетириш керек бекен
06.09.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ПМдин артынан кууганга укугу жок. Алар куубаганда эч Ким олмок эмес
06.09.2017. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токтобосо , тартип бузса кууйбу? Анда баары эле токтобой качып кетиш керекби
06.09.2017. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо кылдым!!! Кайсы куноосу учун иштен чектетилди? Алар оз ишин аткарышты да. Ичип алып чартанбай тээп жургон да кызы. Болбосо эмнеге качышат эле. Эми куноону беркилерге оодарып коюшту. Куубаса олбойт эле деп. Депутат болуп журду эле боксёр байкебиз. Законду билбейби? Кечки саат 22:00 кийин жашы жетелектер ата энесинин же тууганынын коштоосунда журуш керек экенин. Законун менен куруп калгыла. эми кайдыгерлик башталат милиция байкелерибизде. Тынч эле журуп кунум ото берсин эч кимди куубай деп
07.09.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aijan06,ошол кууган ПМдер законду билишпегени учун куушту.Законду билишсе ошол жап жаш бала азыр тируу болмок.камалсын пмдерин.
06.09.2017. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде закон.уйга окшош да.кайда жетелесен ошол жака кете берет.
07.09.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cfif03748,даана айтылыптыр,точно уйга окшош
06.09.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озгонун "тубуно жетем" деп алкынгандын ордуна оз кызын эптеп албайбы бул чемпион ХХХХ!!! Кубалагандарда эмне куноо? Же алар атайын олсун деп кубалаптырбы? Же эмне, анын кызы экенин карангыда таанып коюшуптурбу? Кызы аркы дуйнодон аман кайтканына шугур кылып, Кудайын таанып журбойбу!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-07 11:15:13
06.09.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
гаинин мотоциклди кууганга укугу жок
06.09.2017. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ааламды сел каптаса өрдөккө баары бир дегендей, адам баласы өлүп жатса да биздин чиновниктерге баары бир! Чара көргөн эч ким жок. Акча төлөгөн акталат, төлөбөгөн камалат!
06.09.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Патрулдагы милиция кууп баратып мотоцикл авария болгондо патрулдук милиция жардам бергендин ордуна качып кетишкен,ошон үчүн айдалса керек. Анан шаар ичинде кууганга болбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: