Бишкекте маршруттук такси менен жеңил унаа кагышты



Бүгүн, 7-сентябрда саат 13:30 чамасында Бишкек шаарынын Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Анда 199-номердеги маршруттук такси чыгыштан батыш тарапты көздөй бара жатып, түштүктөн түндүккө карай бараткан Хонда фит үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан.
Кырсыктан материалдык чыгымдар жаралган, жабыркаган адамдар жок. Окуя болгон жерге Патрулдук милициянын кызматкерлери келип, кырсыктын күнөөкөрүн тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Бир нерседен кур калгандай
Кудайлап аран жетем барчу жериме