Журналист Зулпукар Сапанов "диний кастыкты козутту" деп айыпталып, 4 жылга эркинен ажыратылды
"Диний кастыкты козутту" деп айыпталып жаткан журналист Зулпукар Сапанов 4 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Зулпукар Сапановдун ишин караган. Анда Сапановдун “Кыдыр санжырасы” аталышындагы китеби "Мусулмандардын диний ишенимине шек келтирет" деп табылып, ал 4 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле сот залынан каммакка алынган.
Айта кетсек, 2016-жылдын сентябрь айында Зулпукар Сапановдун “Кыдыр санжырасы” аттуу китеби жарык көрүп, дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү "Бул китеп ислам динине шек келтирет" деп УКМКга кайрылышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
-1

Туура эле,элге жарыя кылына турган иште жоопкерчиликтуу болуш керек.Мыйзам алдында да жооп берееерин билишет.Абайлаш керек.