ИИМ оң рулдуу автоунааларга 2018-жылдан тартып тыюу салууну сунуштоодо

ИИМ оң рулдуу автоунааларга 2018-жылдан тартып тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу Патрулдук милициянын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов бүгүн, 13-сентябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди.
“Оң рулдуу унаалар менен адам ташып иштөөнү токтотуу тууралуу мыйзам 2021-жылы күчүнө кириш керек болчу. Бирок биз аны 2018-жылдын 1-январынан тартып иштеп баштоосун сунуштап жатабыз. Анткени көпчүлүк учурда жол кырсыгына ичине 5 адамдан ашык салган оң рулдуу "минивен" унаалары кабылып жатат. Бул көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн ИИМ келерки жылдан тартып тыюу салууну сунуштоодо”, - дейт Ыманалы Саркулов.
Айта кетсек, Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, 2017-жылы 8 айдын ичинде оң рулдуу унаалар катышкан 1226 жол кырсыгы катталып 151 жаран каза болуп, 2098 адам жабыр тарткан.


Да ойлонгула шаар ичинде такси кыла берсе
боло турган кылыш керек
Ылдамдык үчүн 5000сомдон 10000сомго чейин
Жөө жүргүнчүнү өткөрбөгөн үчүн 5000сомдон 10000сомго чейин.
Каршы тилкеге чыкканы үчүн 10000 сом же айдоочулук күбөлүктон 2жылга ажыратуу
Анан тыюу сала бергиле.
Экинчиден мыйзамдын начар иштеши. Жол эрежесин бузган айдоочуларды акчасын алып коё бербей. 15 сутка арест кылыш керек