super.kg logo

Сотто дагы бир күбө Райкан Төлөгөновду тааныбай турганын айтты

 

Бүгүн, 15-сентябрда мурдагы депутат “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Райкан Төлөгөновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумда тергөө иштерине байланыштуу күбөлөр суралды. Бүгүн бул ишке күбө катары Орунгүл Жамакеева суралып, бул иш боюнча эч нерсе айта албай турганын билдирди.

Мен эч нерсени көргөн эмесмин. Менин бир жаштагы балам бар эле. Үйдө эле отургам. Быйыл 7 жыл өттү, азыр эч нерсени эстей албайм. Мага кызматкерлер келип, Апрель окуясынан 2 жылдан кийин бир кагазга кол коюп берүүмдү суранышкан. Мен макулдук берген эмесмин. Бирок алар эч ким тынчымы албай турганын айтып, кол койдуруп кетишкен”, - деди Жамакеева.

Эске салсак, Райкан Төлөгөнов "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: