super.kg logo

8 миллион сом салыгын төлөбөй жүргөн ишкерге кылмыш иши козголду

 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 8 миллион сом өлчөмүндөгү салыкты төлөбөгөн жаранды аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы бүгүн, 16-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматтын Талас облусундагы Кара-Буура жана Манас райондор аралык бөлүмү жалган ишкерлик жана салык төлөөдөн баш тартуу фактылары боюнча Т.А. аттуу жарандын жеке ишкерчилигине байланыштуу тийиштүү иликтөөлөрдү жүргүзгөн.

Анын жүрүшүндө белгилүү болгондой, Т.А. Бишкек шаардык салык башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнө салык төлөөчү катары катталган. Андан кийин ал Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө товар ташыгандардын жүгүнүн коштомо кагазын өзүнүн атына каттатып, товарды өткөрүп турган. Бул үчүн ага ар бир жүк ташуучу унаанын айдоочусу акчалай акы төлөп жүргөндүгү ачыкталган.

Мунун жыйынтыгында, анын төлөнбөгөн салыгы 8 миллион 760,5 сомго жеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.09.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ииииии... Ушунун аягына чыгабы же бир салыкчыга миллион берсе куткарып коебу
16.09.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай иштесенер Кыргызстан онугот бийликтегилер туртуп иштетсенер булар иштейт мамлекетке акча тушсун десенер менчик охрана,ишканаларда налог толонбойт жумушчуларды каттабайт.ошолорду президент жеке ОЗУ колдоп текшертсе миллиондоп мамлекетке акча тушмок,ишканалар мурунку азыркы мам.кызматта иштегендердики,депутаттардыкы куда соок дегендей.жумушчуларына болбогон акча толошот кандай эле ошолорду билбейсинер.Веращагин айткандай за державу обидно.
16.09.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жээнбековко иштебей койсо керекта,Бабановту колдоп)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: