Анталияда туристтерди ташып бараткан автобус оодарылып, 4 киши көз жумду




Түркиянын Анталия шаарындагы Кумлужа аймагында 27 жүргүнчүнү ташып бараткан туристтик автобус жол кырсыгына кабылып, 4 киши набыт болду. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда түркиялык "Haberler" сайты жазып чыкты.
Маалыматка караганда, каза болгондордун жарандыгы азырынча белгисиз. Автобус таңга маал Манавгат шаарынан ар кандай улуттагы жүргүнчүлөрү менен Адрасанга жолго чыгып, оодарылып кеткен. Учурда кырсык болгон жерде медициналык "Тез жардам" көрсөткөн унаалар, өрт өчүрүү кызматы иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.