Москва шаарында соода борборунун жанындагы мушташтан соң ондогон мигранттар кармалды
Москва шаарында соода борборунун жанындагы мушташтан соң ондогон мигранттар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда орусиялык РИА Новости агенттиги күч органдарына шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка караганда, окуя 20-сентябрь күнү кечинде Тихорецк бульварындагы соода борборлорунун биринде болгон.
"Күзөт кызматкерлери жүк ташып иштеген тажик жаранын сабап салышкан. Мындан улам соода борборунун жанына 100гө жакын мигранттар чогулган. Алар күзөт кызматкерлерин жазага тартууну талап кылышкан. Бирок ортодо түшүнбөстүк чыгып, эки ортодо мушташ чыккан. Аны полиция кызматкерлери келип токтотушкан. Алдын ала маалымат боюнча, 50дөй мигрант кармалды", - деп жазышууда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

болуп тентибей оз элибизде кызмат кылмакпыз.
Айлык акы ото томон.
Эми баары депорт болот же олчойгон штраф толошотда