super.kg logo

Орусияда кармалган казак кримтөбөлүнөн жасалма Кыргыз паспорту табылды

 

Ушул жылдын 16-сентябрь күнү ыкчам изилдөө иштеринин жыйынтыгында кылмыштуу топтун башчысы Рафаэль Бикбаев Москва облусунда кармалган. Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы, Бикбаевдин жанынан жасалма Кыргыз паспорту табылганын жазып чыкты.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматында, Бикбаевдин кылмыштуу тобу Түштүк-Казакстан облусунда каракчылык жана рейдерлик басып алуу менен алектенип жүрүшкөн.

"Ушул жылдын март айында Бикбаевдин кылмыштуу тобу ишкерлик менен алектенип жаткан Түштүк Кореянын жаранын коркутуп, чийки затты кайра иштетүүчү фабрикасын өздөрүнө жаздырып алышкан. Июнь айында Шымкентте аталган кылмыштуу топтун 9 мүчөсү кармалган. Алар чет элдик жарандын ишканасын тартып алууга Бикбаевдин тиешеси бар экенин айтышкан. Мындан улам 2-август күнү Рафаэль Бикбаевге мамлекеттер аралык издөө жарыяланган", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, 2013-жылы казакстандык олигарх, экс-чиновник, эл аралык издөөдө жүргөн Мухтар Аблязовго Кыргыз Республикасынын эки паспорту берилгени белгилүү болгон.
Ал эми 2016-жылдын 17-майында Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорттон Cауд Арабиясына учмакчы болушкан 98 Кытай жараны жасалма Кыргыз паспорту менен кармалган. Иликтөөдө алар ар бир паспортту 2 жарым миң еврого жасатканы аныкталган. Мамлекеттик каттоо кызматы бул документтердин чыныгы ээлери Кыргыз өлкөсүндө жашай турганын жана ал паспорттор жасалма экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
21.09.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Абийирибиз айрандай эле тогулуп буттуго.
Акча учун баарын сатып эчнерсе калбай калчу заман келе жатат.
Кудай эле жазаласын ушуларды.
Зеенинди гана кейитетда акмактар!
Мен Россияда бир бланканы туура эмес толтуруп алганыбыз учун башынан баарын кайра текшертип даярдатышты.
А биздикилер акчасын алып бара бер демек!
21.09.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошол жасалма паспортту жасаган кишилерди катуу жазасын бериш керек
22.09.2017. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Beka2011,ким берет жазасын. Оздоруно оздору жаза бермек беле?
21.09.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыздын паспортун жасайбыз деп Екатеринбург группаларына дайыма жарыя беришет.Аяктан полицияга,бияктан ошолорду иликтегенге бироо табылган жок.Элдик Кабарга жибергем,бирок мааниге алынган жок.
Кримтобол эмес,пол жууган озбек аялзаты,кочо шыпырган тажик эркеги деле кыргыз болуп чыкса,такыр тан калбайм.
Мыйзамсыз паспорт жасоо бобнча эн арзан биздин олконуку,кымбаты Россияныкы деген маалыматтар илгери эое бар болчу.
Кайран,Кыргызстанды чын эле Кудай Сактаганынан эле журобуз.
21.09.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Өзүбүздүн 4 бүдүр кайрылман кыргыздар канча жылдап паспорт алалбай ыйлап жүрүшөт. [moderated]дан көрсөң бооруң ооруйт. Ал криминал, кытай, Мадина базарында иштеген уйгурлар паспорт турмак үйлөрдү алышып кыргыз кыздарга үйлөнүп жатышат. Акмактар, акча көзүңөрдү тешип чыкса экен жемкорлор!
21.09.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне деген паспорт экен кылмышкерлерге паспорт сатып ага кошуп кыргыздын абийрин да саттынарго тажик болсода кыргыз жасалма паспорту казак болсода озбек болсода эх
Yiman97 түзөттү 2017-09-21 18:53:25
21.09.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
шайлоонун астында туугандар жыргап калышты,акча мн без очерет алышып,паспортстолго барсан ошолор азыр и тажиктер. чек араны ачты Кудай берди туугандарга. озбекстандан усталар чыгып усталар арзан иштешет дешти эле,тескерисинче кыргыз паспортун алышып россияга кетип жатышат ал усталар.
21.09.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тан калбай калдык го
21.09.2017. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят. ХХХХ да сатат ГРС
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-21 23:39:21
22.09.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын паспортуну албаган инопланетяниндер эле калды окшойт.
22.09.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жасалма паспорттор менен 6 миллионго жеттик да биз, башка улуттарга сатып жатып жеткиришти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: