Мексикада жер титирөөдөн каза болгондордун саны 273кө жетти




Мексикада жер титирөөдөн каза болгондордун саны 273кө жетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Жер титирөөдөгү маалыматты Мексиканын тышкы иштер министри Луис Видегарай БУУнун башкы ассамблеясында сүйлөп жатып каза болгондордун саны 273кө жеткенин билдирген.
Ошондой эле Мексика шаарында жана борбордук бөлүктүн калктуу конуштарында жабыркагандар менен имараттардын бузулуп, кыйроолору көп болгондугун айткан.
Эске салсак, күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө 19-сентябрь күнү саат 21:13тө катталган. Жер титирөө болгон аймактарда 20 миллиондон ашуун калк жашайт. Зилзаладан бир катар имараттар кыйроого учурап, тургундар урандынын алдында калышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.