super.kg logo

Сот Салянованын адвокатына дааратканага чыгууга уруксат бербей, акыйкатчынын суранычы менен гана тыныгуу жарыялады

 

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши каралып, жарыш сөз жүрүүдө. Отурумга Салянованын фракциялаштары Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев жана акыйкатчы Кубат Оторбаев келип катышууда.

Отурумда коомдук жактоочу жарыш сөздү сүйлөп жатат. Жактоочулар соттон тыныгуу берүүнү суранып, бирок сот суранычты канааттандырган жок. Бирок жактоочу Чынара Жакупбекова анын дааратканага чыгуусу керек экенин айтып, сот ага каршы чыгып ортодо пикир келишпестик келип чыкты. Ушул учурда залдагы Салянованын тарапташтары соттун имаратында бардык дааратканалар жабык экенин айтып, шарт түзүлбөгөн деп нааразычылык билдиришти. Бирок жактоочу соттун айтканын укпастан кадыресе муктаждыктарга сотто да тыюу сала албасын айтып чыгып кетти. Сот анын чыгып кеткенин протоколго киргизүүгө катчысына буйрук берди.

Салянованын жактоочулары сотко келген акыйкатчы Кубат Оторбаевге сот тыныгууга уруксат бербей жатканын, имараттагы дааратканалардын баарынын эшиктерин атайын жаап салып жатышканын айтышты. Буга нааразы болгон акыйкатчы соттон тыныгуу берүүнү сурады. Сот 5 мүнөттүк тыныгуу жарыялап кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.09.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бул жинди сот кысып отургула деген окшойт. соз жок бийликтин айтканын аткарып атат да
22.09.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соттун ичи ооруп кетсе эмне кылмак? Кысып отура алат бекен
22.09.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул соттун башына точно суук тийиген. Акыл эси бар адам мындай жолго бармак эмес.
22.09.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул соттун чайына же тамашыгына слабительное кошуп коюш керек экен...))o
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: