super.kg logo

Сот Михаил Саакашвилини Украинанын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деп тапты

 

Кечээ, 22-сентябрь күнү Львов облусунун Мостиська райондук соту Грузиянын мурдагы президенти, Одесса облусунун экс-губернатору, "Рух новых сил" партиясынын лидери Михаил Саакашвилини Украинанын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деп тапты.

Соттун чечимине ылайык, Саакашвили 3400 гривен (8982 сом) айып төлөйт. Ошондой эле ал 320 гривен (845 сом) өлчөмүндөгү соттук жыйындарды төлөөгө милдеттендирилди.

"Интерфакс" маалымат агенттигинин кабарчысынын билдиргенине караганда, соттук отурумга Михаил Саакашвили келген эмес.

Ушул жылдын 10-сентябрь күнү "Шегини" көзөмөл-өткөрүү жайынан Михаил Саакашвилини тарапташтары Украинанын аймагына алып өтүшкөн. Жаңжал учурунда улуттук полициянын 11 жана Чек ара кызматынын 5 кызматкери жабыркаган.

Эске салсак, Саакашвили 2015-жылдын 30-майында Украин жарандыгын кабыл алган. Бул буйрукка президент Петр Порошенко кол коюп, ошол эле күнү Саакашвилини Одесса облусуна губернатор кылып дайындаган. Саакашвили Грузиянын президенттиги кызматында турганда өзү чыгарган буйрукка ылайык, кош жарандуулук алууга жарандарга тыюу салынган. Бул буйруктун негизинде 2015-жылдын 4-декабрында Саакашвили Грузия жарандыгынан чыгарылган.

Саакашвили 2008-2013-жылдарда Грузиянын президенти болуп шайланып, кийинки президенттик үчүн жарышта утулган соң Украинага өтүп кеткен. Буга Саакашвилиге карата Грузияда бир канча кылмыш иштери ачылганы себеп болгон.

Өткөн жылы күздө губернаторлук кызматтан кеткен Саакашвили Петр Порошенкону кескин сындап келген. Быйыл жай айларында Украинанын президенти Петр Порошенконун тапшырмасына ылайык Михаил Саакашвили Украинанын жарандыгынан ажыратылган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.09.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо бул ким болот Украина да Грузия да жарандыгын алып койсо
23.09.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жасалма кыргыз паспорт алып ал
23.09.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх миша кайын журтуна бар эми , бул жагы болбой калды деп ...
almazbei түзөттү 2017-09-23 14:39:18
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: