super.kg logo

Баласын өлтүрүүгө шектелип кармалып, кийин тергөө абагында асынып калган аялдын өлүмү боюнча прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүүдө

 

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкек ШИИБинин тергөө абагында асынып алган аялдын өлүмү боюнча текшерүү иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындан 11 күн мурун Бишкек ШИИБинин тергөө абагына "жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүп, таштандыга таштап салган" деп шектелип 30 жаштагы аял киргизилген.

Белгилей кетсек, баласын өлтүрүүгө шектелип кармалган 30 жаштагы аял 23-сентябрда тергөө абагында өз жоолугуна муунуп каза болгондугу тууралуу маалымат бүгүн кабарланган.

Окуяга кайрылсак, 14-сентябрь күнү Бишкектеги Кустанай жана Астрахань көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды таштоочу контейнерден ымыркайдын жансыз денеси табылган. Бишкек ШИИББинин маалыматы боюнча, шектүү катары кармалган 30 жаштагы аялга карата Кылмыш-жаза кодексинин 100-беренеси "эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү" боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Шектүүнүн айтымында, ал үйүндө төрөп, анан ымыркайды өлтүрүп, кийип жүргөн халатына ороп ыргытып жиберген. Ленин райондук РИИБинин тергөө бөлүмү аталган иш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
25.09.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
men taanyim bul katyndy
25.09.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Syn4y,кооойсон
25.09.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ошол аялды боюна бүтүрүп ушул акыбалга таштаган эркек сөрөйдү камаш керек.эки адамдын өлүмүнө себепкер.
25.09.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Прокуратура текшериш керек оз жанын озу кыйдыбы же тыяктан ошо олумго жеткириштиби
25.09.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бизде тартип жок.Москвада полицияга тушсон баардык ушундай нерселерге жеткирбеш учун шарф жоолук ремен ботинка боо бар жогун алып киргизет оздоруно проблема болбош учун.А бизде эч нерсени карабайбы деген ой келди.
25.09.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мумкун иштин бетин жабыш учун аялдын озун озу олтуруусуно шарт тузуп беришти. Органдагылардан баарын кутсон болот
25.09.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Байкуш кыргыз кыз-келиндер кор эле болуштуго каерде болсода.Ымыркайдын атасы отказ кылса керек.Бага албай намыстанып ушундай болдуда аягы
25.09.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тергоочулор мойнуна койобуз деп кыйнашкан окшойт.Байкуш Кыргыздын кыз-келиндери кор эле болдуго же бир мекенибизде Адилеттуулук болсочу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: