Англияда 42 жаштагы Сью Рэфорд өзүнүн 20-баласын жарык дүйнөгө алып келди
Британиядагы эң чоң үй-бүлөдө 20-наристе жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.

Батыш өлкөлөрүндө үй-бүлөдө мынча көп баланын төрөлүшү чоң жаңылык. Сью жана Ноэлдин үй-бүлөсү Британиядагы эң көп балалуу үй-бүлө болуп эсептелет. Арчи ысымы ыйгарылган ымыркай үй-бүлөдө 11-эркек уул болуп төрөлгөн. Буга чейин Сью жана Ноэлдин 10 эркек уулу жана 9 кызы бар болчу.

Наристе жарык дүйнөгө келген соң балдардын энеси 42 жаштагы Сью: "Менин оюмча, Арчи биздин акыркы балабыз, мындан кийин төрөбөйм. Бирок минтип ойлонгон учурда өзүмдү башкача сезип жатам", - деп билдирген эне.

Азыркы тапта эң улуу баласы 28 жашта, ал эми Арчиге чейинки кызы 1 жашта. Сью жана Ноэль көп балалуу ата-эне гана эмес таене, таята болгонго да жетишкен. Алардын улуу кызы Софинин азыркы тапта 3 баласы бар.

Алгачкы баласы Кристини Сью 14 жашында төрөгөн. "Биз башында 3 эле балалуу болууну каалачубуз, бирок убакыт өткөн сайын канча көп балалуу болсок, ошончо жакшы экенин ойлондук", - деп билдирген Ноэль.

Рэдфорддордун үй-бүлөсү улуу кызынан башкасы бардыгы бир үйдө жашашат. "Кичинекей мамлекет" эки жакка кичи автобус менен чыгышат. Бирок азыркы тапта ал кичи автобуска да батпай калышкан.

Өз убактысынан 2 жума эрте төрөлгөнүнө карабастан ымыркай Арчи азыркы тапта өзүн жакшы сезип жатканын жана башка балдары Арчини чыдамсыздык менен күтүп, аны караш үчүн кезекке туруп жатышкандыгын Сью сүйүнүү менен билдирген.

0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















