super.kg logo

Шаардык сот "диний кастыкты козутту" деп айыпталып жаткан Зулпукар Сапановду 2 жылга шарттуу кесип, сот залынан бошотту

 

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаардык соту "диний кастыкты козутту" деп айыпталып жаткан журналист Зулпукар Сапановдун ишин карады. Отурумдун жүрүшүндө айыпталуучуга эмнеге ушул китепти жазганы тууралуу суроо берилип, ага Сапанов кыргыздын каада-салтын сактоо максатында ушул китепти жазганын айтты. Ал эми прокурор мурдагы райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырууну өтүнсө, жактоочу Сапановду толук актоону сурады.

“Кыргыздын салт-санаасы сакталсын деп, Кыргыздын улут катары калыптануусуна салым кошуу үчүн ушул китепти жаздым. Мен Кыргыздын кыздары үчүнчү, төртүнчү аял болушун каалабайм. Мени туура эмес болсом мына отурумга ушунча адам келип колдобойт эле”, - деди Сапанов.

Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып Сапановду 2 жылга шарттуу кесип, сот залынан бошотту.

Айта кетсек, 12-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Зулпукар Сапановдун ишин караган. Анда Сапановдун “Кыдыр санжырасы” аталышындагы китеби "Мусулмандардын диний ишенимине шек келтирет" деп табылып, ал 4 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле сот залынан камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.09.2017. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы кылыптыр
29.09.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Актаптырда мындайча айтканда
29.09.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
расс болуптур жон эле журобербейсинби анан
29.09.2017. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туптуура!!! Зуш байке, сиз учун абдан кубанычтамын!!!
29.09.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуптур, кубанычтамын. Сапановду жакшы тааныйм, өзүнчө ою, көз карашы бар, сабаттуу жигит. Ал эми Кадыр Маликов сындуу теологдор кыргыз тилинде китепти окуп-түшүнмөк турсун, кыргызча эки ооз сөздүн башын кошуп сүйлөй албаса, кантип кол койду дейм да. Адис катары мен ал китепти бир нече сыйра окуп, түшүнүш үчүн башка китептерди да карап чыктым эле. Ар бир жарандын сөз эркиндиги жана жекече көз карашы болуусу Конституцияда каралган. Толук акташ керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: