Казакстанда медициналык жардам көрсөтүүчү учак кыйрап, 5 адам каза болду. Арасында Кыргыз жараны да бар
Казакстанда медициналык жардам көрсөтүүчү учак кыйрап, 5 адам каза болду. Бул тууралуу казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кырсык 3-октябрь күнү кечинде Алматыга жакын жерде болгон. Анда Алматы-Шымкент багытында абага көтөрүлгөн АН-28 учагы 12 мүнөттөн соң радардан жоголуп кеткен. Кийин учакты күйүп жаткан абалда жерден табышкан.
"Учактын ичинде 3 экипаж мүчөсү жана 2 дарыгер болгон. Алар оор абалдагы жаңы төрөлгөн балага медициналык жардам көрсөтүү үчүн баратышкан", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары каза болгондордун арасында Г.Н.Цой аттуу Кыргыз жараны бар экенин жана анын учактын командири болгонун жазышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Кечээ эле Колдо тезжардам автоунаасында 5 адам коз жумду эле.айырмасы бул учак экен.
Баарынын бейишин берсин Аллах
кылгандар жашап журот бул кырсык илгертен
болуп келген