Ысык-Көлдө аялды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
Ысык-Көлдө аялды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 4-октябрдан 5-октябрга караган түнү Балыкчы-Каракол унаа жолунун 84-чакырымында болгон. Анда белгисиз айдоочу Тойота Ленд Крузер үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон өтүп бараткан 40-45 жаштагы аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.
"Бул факт боюнча ыкчам изилдөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Т.Беккул кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
TazaKyrgyz

05.10.2017. 13:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айланайын айдоочулар жолдо абайлап айдагылачы.Ким президент болсо да хотябы ушу права саткандарды жазалап тыйгылачы.Бейкуноо канча адамдын омуру кыйылып атат
gulzat85

05.10.2017. 18:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин иним да 29 жашында чырактай баласын таштап,ушундай адамдын айынан бул дуйно мн кош айтышты.эхх кандай гана шалаакылык!!!((((
KUBI

05.10.2017. 22:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу тайота ленд круизер болсо,жооп бербей кутулуп кетет.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.