Москвада унаа жуучу жайда иштеп, оорудан каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жиберилди

Москвада каза болгон Кыргыз жараны Кыргыз өлкөсүнө жиберилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына активист Улан Кошматов билдирди.
"Мекендешибиз Э.А. инсульт дартына кабылып, Москванын көчөлөрүнүн биринде жыгылып калган экен. Аны көчөдөн көргөндөр ооруканага жеткиришкен. Маркум бир жума жандандыруу бөлүмүндө жатты. Кийин дартынан улам каза болуп калды. Москвада иштегендер акча чогултуп, мекенибизге жибердик", - деп билдирди Кошматов.
Маалыматка ылайык, 1990-жылы туулган Э.А. Ош шаарынын тургуну. Ал каза болгонго чейин унаа жуучу жайда иштеп жүргөн. Үй-бүлөсүндө жалгыз уул болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Алыста жургон мекедештерди Аллахым сактап, жакындарынын жанына аман эсен кайтып барышсын!
Урматтуу келечектеги президент! Элибизди ар жакта тентиретпей олкобуздо завод фабрика ондурушторду куруп жумуш орундарын тузуп бер! Туздон туз сенин милдетин! Келип алып дагы эшекти такалай берсен мен жана мага окшогондор чыдабайт башка!
Жайы жаннаттан болсун. Чет жердегилер аман эсен оз бутубуз менен уйго кайтыш насип этсин...
Жапжаш жигит,он гулунун бири ачылбай кете бериптир!
Суротун тартып киргизбей эле койбойсунарбы деймда.
алышат.Кобу оорукчан уже журушот айла жок