super.kg logo

Бишкек шаардык соту Канат Исаевди 30-ноябрга чейин камакка алуу чечимин күчүндө калтырды

 

Бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасы боюнча жактоочуларынын апелляциялык арызы каралды. Бул тууралуу Исаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

"Бишкек шаардык соту Канат Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды карады. Соттук отурум жабык эшик артында өткөрүлдү. Төрагалык кылуучу сот жана анын курамы Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып койду. Мындан ары биз Жогорку Сотко даттанабыз", - деп билдирди жактоочу Чынара Жакупбекова.

Маалым болгондой, буга чейин Биринчи Май райондук соту депутат Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Эске салсак, Башкы прокуратура 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектүү катары кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
16.10.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койгула э шайлоо бутту чыгарып койгула эми жок жерден эле камай бербей. Максатынарга жеттинер шайлоодон оттунор, болду да эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: