super.kg logo

Маевка айылында өрттөнүп кеткен үйгө кожоюну жокто өрт коюлган. Окуяга шектүүнү милиция кызматкерлери издөөдө

 

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Маевка айылындагы Жаш Гвардия 253 дарегинде жайгашкан эки бөлмөлүү үйдүн дагы чатыры жана дубалы күйүп кеткен. Өрт кырсыгына күбө болгон жашоочулардын айтымында, өрт түнкү саат 12 чамасында катталган. Үй кожоюну үйүндө жок болгон.

"Үйдүн кожоюну бул жерде жашабайт. Буга чейин үйдү ижарага берип, квартиранттар жашап келген. Алар 3 күн мурун чыгып кетишкен экен. Ким өрттөп кеткенин билбей калдык. Чыксак эле үйдүн чатыры күйүп жатыптыр. Бир аздан кийин өрт өчүрүүчүлөр келип өчүрүштү. Бүгүн башка даректеги унаалар, үйлөр өрттөнүп кеткенин угуп биздин да тынчыбыз кетип жатат", - деди өзүн Майрам деп тааныштырган аял.

Эскерте кетсек, 16-октябрдан 17-октябрга караган түнү Маевка айылынын бир нече жеринде өрт кырсыгы катталган. Аталган айылда 3 автоунаа, 1 турак үй жана соода күркөсү өрттөнүп кеткенин укук коргоо органдары тастыкташкан. Учурда милиция кызматкерлери өрт коюуга шектүү адамды Маевка айылынан жана Бишкек шаарынын аймагынан издеп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: