super.kg logo

Бишкек-"Манас" аэропорту жолуна коюлган жарыктандыруу боюнча Жол чарба департаментинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 

Бишкек-"Манас" аэропорту жолуна коюлган жарыктандыруу иши боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинин жол чарба департаментинин өкүлдөрүнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарыктандыруу ишин жүргүзүүдө тендер өткөрүүнүн эрежесин бузуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

"Жол чарба департаментинин өкүлдөрү тендер өткөрүүдө эрежеге туура келбегенине карабай ЖЧК менен 74 миллион 996 миң сомго келишим түзгөн. Жыйынтыгында иш жүргүзгөн ЖЧКга 84 миллион 865 миң сом которулган. Бирок келишим боюнча мындан аз суммада бааланган көлөмдөгү иш аткарылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Мындан сырткары 2,7 чакырым жерди жарыктандырууда да эреже бузуулар аныкталган. Мында жарык жолдун ортосуна гана коюлган, эреже боюнча жарыктандыруу жолдун эки тарабына коюлмак. Ал эми жолдун жээгине электр чубалгыларын орнотуу үчүн жерди кол менен казуу боюнча кошумча келишим түзүлгөн. Бирок аткарылган жумуштар техниканын күчү менен жасалган. Жол чарба департаментинин кызмат адамдары мамлекетке 6 миллион 324 миң сом зыян келтирген деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.10.2017. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул качан токтойт ушулардын козгогону.. Же алар койбоду
20.10.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура 6 миллионго бут Бишкекти жарыктандырса болот.
20.10.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эптеп септеп эле бутуруп койушкан жол чырактары дагы бир кун иштесе эки кун иштебей турат жакшылап эле жасап койушса болмок мамлекетке зыян келтириштиби камагыла башынан сылап койбой
20.10.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эптемей эле буткон андай акчага аэпортко чейин асма копуро курулат эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: