super.kg logo

Депутат Канат Исаевдин сотунда жактоочулар дагы 20га жакын күбөнү суроо керектигин айтты

 

Бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Исаевдин жактоочулары 70 күбөнүн 46сы гана суралганын, дагы кошумча күбөлөрдү суроо керектигин, прокурорлор аларды сотко алып келүүнү камсыздап беришин соттон сурады. Прокурорлор күбөлөрдүн баары суралганын айтып каршы чыкты. Сот тараптардын оюн угуп жактоочулар менен прокурорлор өздөрүнүн күбөлөрүн алып келүүсүн айтты.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.

Соттук отурум 30-октябрь күнү саат 9:30га жылдырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: