super.kg logo

Эс-учун жоготуп 50 күндөн бери Түркиядагы ооруканада жаткан кыргыз кызы Ширин каза болду

 

23 жаштагы Ширин Бейшембекова аттуу кыргыз кызынын эки бөйрөгү иштебей калып Түркиянын Денизли шаарындагы жеке ооруканада 50 күндөн бери эс-учу жок жаткан. Бүгүн, 5-ноябрда Ширин каза болуп калганын апасы Анара Жамкешова SUPER.KG'ге билдирди.

Буга чейин маркумдун апасы кызынын абалы өтө оор болуп жатканын айтып, Кыргыз өкмөтүнөн жана коомчулуктан жардам сурап кайрылган болчу. Ширин бир жарым жыл мурун аталган шаарга барып башка бирөөнүн 2 жаштагы кызын багып иштеп жүрүп бөйрөктөрү иштебей ооруканага жатып калган.

Апасы: "Кызым эки бөйрөгү иштебей калып, эс-учун жоготкон абалда 46 күндөн бери жеке ооруканада жатат. Дарыгерлер өпкөсүндө да дарт бар деп жасалма жол менен дем алдырышууда. Тамакты мурдунан салынган түтүк менен беришет. Жатканына бир жума болгондон кийин наркоздон ойготушкан, бирок кайра "ичине инфекция кирип кеткен" деп кайра наркоз менен уктатып коюшту.

Бул ооруканада дарылануу аябай кымбат экен. Айрым кыргыз балдар жана кызым баласын карап иштеген үй-бүлө жардам берип жатышат. Бирок алардын да көп жардам берүүгө чамасы калбай калды. Ошондуктан элчиликке кайрылып, мамлекеттер аралык квота менен мамлекеттик ооруканага котортуп берүүнү сурангам. Элчилик Кыргыз мамлекетинин Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылса, 2017-2018-жылдарга каралган квоталар калбай калганы боюнча жооп келиптир. Элчилик менин өзүмдү кайрылып көрүүмдү айтышууда. Ошондуктан мамлекеттен, элден жардам сурайм", - деген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(11)
05.11.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Бейишин берсин,жаш кыз,кайран кыз.
Мына дагы бир далил мамлекеттин элине болгон кайдыгерлиги....
Ботон жерде бироонун наристесин багам деп,ошол уйдун бутун кызматын да кылгандыр байкуш...
05.11.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жайы жаннатта болсун ата энесине сабыр берсин. Бийлик бири бирин чукуп тазалабай жардамга муктаж адамдарга жардам берсе кана. Жаны жылга деген акчанын бир чекесинен эле болуп берсе болмок аттин.
05.11.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kyzyn ele bagyp iwtegen jok da,turktor bow oturup kalsan jaman korot.Kyzy uktap jatkanda dagy bir jumuwtaryn jasachu da.Misaly baipagynan bawkasyn but utuktop kiyiwet,turktordun kolunda iwtew kyiyn ele,aila jok ajaly kelse kete beret.Beiywten orun bersin Allah
05.11.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ата энесине туугандарына сабыр берсин
05.11.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкуш кыз кыргыздар ушинтип кырылып жоголуп кетпесек болгону.
05.11.2017. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Адамгерчиги жок турктордун, колунда иштеп калсан киши ордунда корбойт.
05.11.2017. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bek.94,жок болбой эле 100000лир толоп бериптирби го даарысына. Ушул кезге чейин даарысын алып ьерип турган кён.
05.11.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээх жаман болгон экен. Мамлекеттен пайда деле болбой калды. 1 миллион элин тентитпей жумуш орун тузуп айлыктарды которуп беришпейби. Оздорунун чонтогуно салганга эле шашышат
05.11.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах бейинен берсин амиин!!
05.11.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп ыйладым айлассыз козумо жаш тегерендиго метродо бараткам ит кушка жем болуп жок болуп бараткандайбыз...... кайран кыргыз кырылгыс эленгооо.....
06.11.2017. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super.kg Жакшы жанылыктарынар жокбу кайсыл жерди эле окусан кырсык,Адам каза болду кундо ушундай жанылыктар...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: