Чүй ОИИББи: "Аида Салянованын инисин атып кеткен адамдар кармала элек"
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду атып кеткендер кармала элек. Учурда кылмышкерлерди издөө иштери ар тараптуу улантылып жатканын SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат катчысы Нурбек Токтосунов кабарлады.
Эскерте кетсек, Саляновду 6-ноябрга караган түнү саат 2:00 чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнөн бет капчан белгисиз 3-4 адам атып кетип, ал ооруканага баратып каза болгон. Салянов унаа оңдоо менен алектенип, саясатка аралашкан эмес.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-ноябрь күнү саат 11:00дө Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылында өз атасынын үйүндө болот.
Депутат Аида Салянованын инисин аткан кылмышкерлер издөөгө алынды
Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

.