super.kg logo

Тулпар таптап, ит баккан дүйнөнүн мамлекет башчылары

 

Өлкө башкарган инсандар тууралуу сөз болгондо сөзсүз түрдө костюм-шым кийип, расмий иш-чараларда гана жүргөн адамдарды элестетебиз. Чынында эле ошондой. Бирок бул жолу алардын аткарган жумуштары же жолугушуулары тууралуу сөз кылбастан, төрт аяктуу достору жөнүндө кеп кылууну туура көрдүк. "Ат адамдын канаты, ит адамдын досу" демекчи, президенттердин басымдуу бөлүгү жогоруда аталган жаныбарларды жакшы көрүшөт экен.

Орус өлкө башчысы Владимир Путиндин бир эмес, бир нече иттери бар. Алардын көбүн белекке алган. Мисалы, бул Конни аттуу итти ага орус мамлекеттик ишкери Сергей Шойгу белек кылган.

Ал эми бул болгариялык овчарканы аталган өлкөнүн саясатчысы Бойко Борисов тартуулаган.

2013-жылы өзүнүн сүйүктүү үй жаныбарлары менен сейилдеп жүргөн учурунда тартылган сүрөт.

Алабай породасындагы бул күчүктү ушул жылы Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов белекке берген.

Жогоруда айткандай итти жакшы көргөн мамлекет башчылар аз эмес. Мисал катары АКШнын экс-президенттерин айтсак болот.

Жон Кеннеди өзүнүн ити менен.

Жорж Буш Милли аттуу күчүгү менен Вашингтондогу Ак үйдө.

Билл Клинтон жана анын Бадди деген ити.

Жорж Буш II Барни аттуу ити менен учактан түшүп келе жатат.

Барак Обама кыздары жана Бо деген ити менен.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин да итти жакшы көрөрүн бул сүрөт далилдейт.

Ал эми Франциянын президенти Эммануэл Макрон өзүнүн ити менен кадимкидей сүйлөшөт. Бул сүрөт ушул жылы Германиянын канцлери менен болгон жолугушуусунда тартылган.

Чехиянын өлкө башчысы Милош Земан жана анын ретривер породасындагы Дарси деген ити.

Англиянын ханайымы Елизавета II да итти жана атты жактырат. Чет элдик басылмалардын жазганына караганда, жаныбарларды багуу ага чыныгы ырахатты тартуулайт.

Тулпар таптагандардын катарына Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров да кирет. Эске салсак, жакында эле кыргыз жигити ага өзгөчө аргымак тартуулаган.

Күлүк баккан дагы бир президент - Гурбангулы Бердымухаммедов. Түркмөнстандын эл башчысы тулпар минип жөн гана сейилдебестен, ат жарышка катышкан учурлары да болгон.

Ал эми бул кыргыз аргымагын биздин өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев орус лидери Владимир Путинге белек кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(15)
11.11.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Атамбаевке теги эле, эч ким подарка бербептир го)))
11.11.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
buiga,Атамбаевке баары акча подарка кылып жатпайбы
11.11.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
men gitara podarka kilsamby dep oilonup jurom
11.11.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Атамбаевдин Кайсы жакшы ишине белек бермек эле башка элдин ажолору кучтуу жана патриот ошон учун башкалар кошомат кылышат а биздин ажобузду эч ким тоготпойт койчу ошону деп эле койот!!!
11.11.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
nursultanbek, Туура айтасың
11.11.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Путиндей болгум келет.
Кандай гана төрт тарабы төп келген президент.
11.11.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Edward.14,боло бер сени ким кой
деп жатат төрт тарабың кыбла.
11.11.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кореянын президентин итти жакшы коргонун баары билсе керек. Корейлердин Кухнясы иттин эти да..
11.11.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мусулман олколопунун башчылары баары атка жакын экен итке эмес.
11.11.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Pandora,+ басып турсам - чыгып кеттиго. Туура айтасыз, мусулман өлкөлөр жылкыларга жакын. Ар тараптан пайдалуу...
11.11.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туркмен аты ен кымбат аттардын катарына кирет кордунорбу турушун крассавчик болуп
11.11.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздикилерди да кошуп койсоңор болмок $$ акча дегенби жандарынан артык көрүп сүйүп жашайт деп
11.11.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
maks94.kb,ошону айтсан.$$ды кучактатып койсо куп жарашмак да.каап.
11.11.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Түркмөн башчысы ат чабышка катышып, аты чалынып жыгылып өзү өлүп калайын деген эс-учун жоготуп.
12.11.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай везучий жаныбарлар ээ? Президент озу жакшы корот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: