super.kg logo

Башкы прокуратура: "Ошто жер тилкесин мыйзамсыз кеңейткен жарандын арызын канааттандырып, мүлкүн менчиктештирген сотко карата кылмыш иши козголду"

 

Башкы прокуратура Ош шаардык сотунун мурдагы соту Т.Ж.га карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "акыйкатсыз чечим чыгаруу", "алдамчылык" беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын К.Б. аттуу тургунуна 2013-жылы апрель айында аянты 148 чарчы метр жер тилкеси үч жылга иштетүүгө мэрия тараптан убактылуу уруксат берилген. Соода күркөсүн орнотуу үчүн алган жаран аянтты өз алдынча 515 чарчы метрге чейин кеңейтип, ал жерге ашкана курган. Андан соң сотко кайрылып, жер тилкесин менчиктештирүү боюнча арыз жазган.

2013-жылы 4-ноябрда Ош шаардык соту Т.Ж. жогорудагы жарандын арызын канааттандырган. Соттун чечими менен К.Б. аттуу жаранга жергиликтүү каттоо органы тарабынан жеке менчик мүлк тууралуу мамлекеттик акт берилген. Ал тийиштүү документтерди алган соң объектти 3 миллион 640 миң сомго сатып жиберген.

2015-жылы 10-ноябрда Ош облустук соту мурдагы сот Ж.Т.нын чечимин жокко чыгарып, кайрадан кароо үчүн шаардык сотко ишти кайтарган. 2016-жылы 9-июнда Ош шаардык сотунда К.Б.нын арызы каралбай туруп токтоп калган.

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: