super.kg logo

Үч адамдын өмүрүн алган Исфана-Ош жолундагы кырсыкта жабыркагандардын арасында 4 жана 5 жаштагы эки бала бар (тизме)

 

Үч адамдын өмүрүн алган Исфана-Ош жолундагы кырсыкта жалпы 8 адам жабыркап, Лейлек районундагы аймактык ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Баткен облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Абдилаким Абдуллаев билдирди.

Анын айтымында, 4 адам жандандыруу бөлүмүндө, 3 адам травматологияда жатат. Ал эми бир адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Жабыркагандардын көпчүлүгүнүн баш мээси чайкалып, айрымдарынын баш сөөктөрү, жамбаштары сынып кеткен.

Жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын тизмеси:

1. И.Ш. (аял киши), 1980-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;

2. А.И. (эркек бала), 2012-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;

3. Б.О. (аял киши), 1966-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;

4 У.Б. (аял киши), 1967-жылы туулган. Өзбекстандын Гулистан шаарынын тургуну.

Травматология бөлүмүндө жаткандардын тизмеси:

1. Ж. кызы Ж., 1990-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну;

2. У.А. (эркек киши), 1998-жылы туулган. Өзбекстандын Гулистан шаарынын тургуну;

3. Н.Н. (эркек бала), 2013-жылы туулган. Самат айылынын тургуну.

Жол кырсыгынан улам каза болгондордун тизмеси:

1. М.М. (эркек киши), 1986-жылы туулган. Маданият айылынын тургуну, Хонда Степвагондун айдоочусу;

2. А.Ш. (эркек киши), 1987-жылы туулган. Коргон айылынын тургуну, ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу;

3. Х.Х. (эркек киши), 1948-жылы туулган. Өзбекстандын Сырдарыя облусунун тургуну.

Айта кетсек, жол кырсыгы бүгүн эртең мененки саат 07:30 чамасында Исфана-Ош жолунун 25-чакырымында катталган. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа менен Жигули үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен үч адам каза болуп, сегиз адам жабыркаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
14.11.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым сабыр берсин жакындарына
14.11.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу степвогон жок эле кылыш керек. Коп жол кырсыкка себеп болуп жатат. Каза болгондордун жайы жаннатан болсун, ооруп жаткандар батыраак айыгып кетсин, жакындарын жоготкондорго сабыр берсин.
14.11.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өзбекстанда да Сырдарыя бар бекен?
14.11.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
juma11anara,окуш керек эледа мектепте
15.11.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
juma11anara, Өзбекстандан башка жерде да Сырдарыя барбы?
14.11.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каза болгондордун жакындарына сабыр берсин жана жаракат алгандарга Аллах шыпаасын берсин.жолдорго козомол камераларды орнотуш керек анан да биздин жолдор стандартка жооп бербейт
14.11.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырсык айтып келбейт..
14.11.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олум буйруп турса уйундон тв коруп олтуруп же телефон чукуп олтуруп олуп алабыз, Аша кеткен создордон алыс болойлу баарыбыздын бараарыбыз кабыр.
14.11.2017. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исфана-Бишкек, Баткен-Бишкек рейстерин 2000-2500 сомдон кылса мынчалык кырсыктар болбосо керек кобунчо алыскы жолдо катталып атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: