super.kg logo

Башкы прокуратура "Казакстанда уурдалган машинаны айдап жүргөн УКМК кызматкери прокурордун орун басарынын тууганы" деген маалымат боюнча билдирүү таратты

 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы "Казакстанда уурдалган машинаны айдап жүргөн УКМК кызматкери Башкы прокурордун орун басарынын тууганы" деген маалымат боюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө УКМК кызматкеринин Башкы прокурордун орун басарына эч кандай тууганчылык жайы жок экени жана уурдалган машина боюнча кандайча сатылганы тууралуу айтылат.

"2017-жылдын 9-июнь күнү Ички иштер министрлигине Кыргыз жараны кайрылып, Лексус-LX570 машинасын жасалма техникалык паспорт менен сатып жиберген Мурат жана Нурик аттуу адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, М.А. жана Т.М. аттуу жарандар кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө машинанын Казакстандан уурдалганы аныкталып, айып жайга токтотулган. Лексус-LX570 үлгүсүндөгү унаасын сатып алган А.А. жана анын УКМКда иштеген агасынын Башкы прокурордун орун басарына эч кандай тууганчылык жайы жок", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Башкы прокуратура ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө машина уурдоо боюнча 30 кылмыш иши жана өлкөнүн аймагына мыйзамсыз алынып келген 75 машина бар экенин билдирди. Алардын ичинен 27 автоунаа кармалып, ИИМдин айып жайына киргизилген.

Айта кетсек, буга чейин казакстандык маалымат каражаттары Казак жараны Сакен Ахметовго таандык, баасы 65 миң доллар турган Лексус-LX570 унаасы Кыргыз өлкөсүнөн табылганын жазып чыгышкан.

Маалыматта Сакен Ахметовдун унаасынын жаңы ээси Кыргыз жараны А.А. (аял киши) экени жана аны УКМКда иштеген агасы айдап жүргөнү айтылган. Ошондой эле машинаны айдап жүргөн УКМК кызматкеринин Башкы прокурордун орун басарына тууганчылык жайы бар экени да жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.11.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тууй ёлки уят болдук казактарга
20.11.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Камагыла 30 жылга прокрор деп еле уй камагына чыгарып койчунар еле
20.11.2017. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул казакта чон чиновник болгондуктан машинаны кайтарвп алыптып, жонокой эл болгондо журобермек биздикилнр сыр бербей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: