super.kg logo

Бүгүн Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону улантат

 

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону улантат.

Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кароону кечээ, 20-ноябрда баштаган. Сотко айыпталуучулардын экөө тең алынып келген эмес. Жактоочулар Чынара Жакупбекова менен Канат Хасанов айыпталуучуларды сот залына алып келүү өтүнүчүн келтиришкен. Бирок соттук коллегия өтүнүчтү канааттандырган жок.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту, кийин Бишкек шаардык соту Текебаев жана Чотоновдун ишине байланышкан соттук отурумдарга журналисттерди киргизгени менен, процессти видео жана сүрөткө тартууга тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: