super.kg logo

Дарыгер: "Аксыда өлтүрүлгөн кайнене-келиндин окуясында жабыркаган кыздын абалы жакшырууда"

 

Аксыда өлүү табылган кайнене-келин менен кошо жабыркаган кыздын абалы жакшырып, жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда SUPER.KG порталына Ош облусунун аймактык ооруканасынын директору Шайырбек Сулайманов билдирди.

"Учурда абалы жакшы десек болот, күндөн-күнгө абалы жакшырууда. Кечээ күнү жандандыруу бөлүмүнөн нейрохирургия бөлүмүнө которулду. Алган жаракаттары боюнча абалы жакшырып келе жатат, бирок жүрөк кемтиги бир аз маселе жаратууда, учурда ал боюнча да иштер жүрүп жатат", - деди Сулайманов.

Апасы менен жеңесин өлтүргөн кишиден жабыр тартып ооруканада жаткан кыздын өмүрүнө жүрөк кемтигинен улам коркунуч жаралганда Аксы аймактык ооруканасынан Ош облустук ооруканасына которулгандыгын аймактык оорукананын жетекчиси Медер Осмонов билдирген.

Эскерте кетсек, 15-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын Коргон айылында кайнене менен келиндин жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалыматты милициядан билдиришкен. Алардан тышкары кылмыш жасалган үйдө маркум аялдын 26 жаштагы кызы дагы оор абалда жаракат алып ооруканага түшкөндүгү маалым болгон.

Кийин аталган кылмышка шектелип ооруканада жаткан 26 жаштагы кыздын жигити кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.11.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ылайым жакшы болуп кетсин.Курсактагы ымыркай да аман эсен жарык дуйного келишин тилеймин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: