super.kg logo

Исаевдин соту. Сот ишти улантууну башка күнгө жылдырды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин соттук иши Биринчи Май райондук сотунда улантылды. Отурумда Токмок шаардык кеңештин 2006-жылдагы чакырылышындагы депутаттар көрсөтмө беришти. Алар Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри болуп турганда борбордук базардын жанындагы 37 сотых жерге соода түйүнүнүн курулушуна уруксат берилиши мыйзамдуу болгонун белгилешти.

Айтымдарында, мэриянын чечиминин негизинде 37 сотых жер тилкесине жеке компания тарабынан соода түйүн курулуп, түшкөн пайданын 30 пайызы мэриянын бюджетине которулуп, 70 пайызы соода түйүндүн ээсинде калмак. Бирок 2010-жылы бул иш боюнча кылмыш иши ачылып, курулуш жүргүзүлбөй калган.

Сот чакырылган күбөлөр суралып бүткөндөн кийин ишти улантууну 27-ноябрга жылдырды.

Эскерте кетсек, Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасын 17 миллион сомдон ашык акчага баалаганы маалым.

Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган.

Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында камакта. Бирок жогорудагы кылмыш ишинин негизинде эмес. Тактап айтканда, президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2-октябрда сот Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.11.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Башка шылтоо таба албай жылдырып коюптур да айла жоктун ишин кылып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: