super.kg logo

"Тёплые Ключи" эс алуу жайынын аймагында 3 күндөн бери өрттөнүп жаткан жердин аянты 40 гектарга жетти

 

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүндөгү тоонун чокусун каптаган өрттүн аянты 40 гектарга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Учурда өрттү өчүрүү иштери уланып жатат. Бүгүн өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана токойчулар болуп баш аягы 50гө чукул адам тартылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 23-ноябрда саат 15:15 чамасында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн "Тёплые Ключи" эс алуу жайынын түштүк-чыгыш тарабында тоонун чокусундагы куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрт каптаган аянт 15 гектарга чукул экенин билдиришкен.

Эртеси, 24-ноябрь күнү кечинде тилсиз жоо каптаган аянт 25 гектарга жеткенин, кеч кирип кеткенине байланыштуу саат 17:40та ӨКМнын кызматкерлери өчүрүү иштерин убактылуу токтотушканын кабарлашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.11.2017. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Очот да озу деп койуп отурушат да ОКМдин чондору
25.11.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жонле коющ кк жакында 60 гектар болот.Рекорд болуш кк))буйруса жамгыр же кар жааса очот
25.11.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элестеткиле 40 гектар жерге 50 адам
25.11.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Вертолёт кана вертолёт 50 Адам очуро албайт ко ото эле аз
25.11.2017. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайдан берилген кооз табиятты да сактай албайбыз,башка мамлекеттер колу менен жасап жатышат
27.11.2017. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх биз адамдар, сүйлөгөндөн башка эч нерсе жасай албай калдык го. Биз деле жардам берсек болот да. Бир эле ӨКМ тү карап олтура бербей. Сүйлөгөндөн башка колубуздан эч нерсе келбей калды. Өз жаныбыз үчүн күрөшкөндөн башка.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: