super.kg logo

Бишкектин четиндеги автокырсыктан айдоочу 17 жаштагы уулу менен каза болуп, аялы оор абалда ооруканага жеткирилди (фото)

 

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкектин четинде жол кырсыгы катталып, айдоочу 17 жаштагы уулу менен каза болуп, айдоочунун жубайы оор абалда аймактык ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй облустук Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.

"Кырсык бүгүн саат 11:40та Бишкек-Кара-Жыгач жолунун үчүнчү чакырымында катталган. Бул жерде айдоочу Toyota Windom үлгүсүндөгү унаа менен жогорку ылдамдыкта келе жатып, башкарууга ээ боло албай калгандыктан унаа жол жээгиндеги даракка урулган. Жол кырсыгынын кесепетинен 1968-жылы туулган айдоочу жана анын 17 жаштагы уулу окуя болгон жерден каза болгон. Жүргүнчү катары келе жаткан айдоочунун аялы аймактык ооруканага "Тез жардам" унаасы менен жеткирилди. Бул жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши башталды", - деди Исаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
26.11.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Акырын айдаса болмок аттин
26.11.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушунчалык да катуу айдайбы э, жоон даракты тамыры менен жулуп кетиптир го ...
26.11.2017. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун ойлобосо дагы баласын ойлосо болмок
26.11.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын бизди,тоба кылдым! Эмне мынчалык каттуу айдашат олумго шашкандай?! Атасы кылган куноосу учун баласынын олумуно жооб берет наркы дуйнодо! Сабр тууган уругуна, аялы батыраак сакайып кетсин!
26.11.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаткан жерлери жайлуу болсун .айла жок
26.11.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жаткан жери жайлуу болсун оруу канага жаткан байкуш апа кандай болдукен
26.11.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кырсык дейт буну ким эле айдай баласынан ажырагысы келсин.Сактансан сактайм дейт экен туугандар жолдо сак бололу
26.11.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл оозунда элек жок деген чын экен!!!кырсык каш менен кабактын ортосунда дейтко кантип эле авария болуп ололу дешсин кырсыкда жаман болуптур бейиши болсун
26.11.2017. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пай пай пай акырыныраак айдаса эмне болмок.Кайран өмүр кайран 17жаштагы бала.Айдоочулар кайда шашабыз,акырындан жүрсөк эмне болот?жаман иш болгон экен жакындарына сабыр эми сабыр кылыңыздар.
Туугандар менде мындай ой сунушум бар эле,декабрь айынын бир күнүнүн бир саатын автотыныгуу кылсак кантет.Бир саат болсо да бир өмүр сакталаар беле.
27.11.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbekasr, жакшы сунуш экен, колдойм. Анан бир жумада бир кун же бир саатта, ылдамдыкты 40 тан ашырбоо сыяктуу флешмобдорду откоруу сыяктуу иш-чараларды алып баруу керек.
27.11.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочунун аялы жургунчу катары келе жаткан дегени эмнеси?? Машинада айдоочу баласы жана аялы болуп келе жатышкан дебейби...жайлары жаннаттан болсун бейишин берсин..акырын эле айдашса олмок эместир кырсык да эми..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: