Активисттер Курманбек Бакиевге ич кийим чогултушту



Бүгүн, 30-ноябрда активисттер Курманбек Бакиевге эки кутуга салынган ич кийимди берип жиберүү үчүн Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына чогулушту. Алар мындай жолго Курманбек Бакиевдин 29-ноябрда Казакстандын телеканалдарынын бирине берген маегинен улам барышканын айтышууда.
Жарандык активист Кеңешбек Көктеңировдун билдиришинче, алар Курманбек Бакиев "2010-жылкы революциядан кийин Кыргыз мамлекетинен чыгып кеткенде эч нерсе алып кеткен эмесмин, керек болсо ич кийимди да тоноп кетишкен" деп айтканына ачууланышууда.
"Бакиевге майка, трусы эле жетишпей жатса, мынакей, эки куту алып келдик. Казакстандын элчилиги аркылуу берип жиберели", - деди Көктеңиров.
Ошондой эле Кеңешбек Көктеңиров: "Берген маегинде "Кыргыз мамлекетине келем" деп айтыптыр. Келем деп жатса келсин, бирок жооп берет. Өлкө ал учурда кандай эле, азыр кандай болуп өзгөргөнүн келип көрсүн", - деди.
Активисттер Курманбек Бакиевге майка, трусы чогултушту


куноолу да ошого дарбышып атышат жаман корсотолу деп