Адылбек Касымалиев "Манас" аэропортун реконструкциялоо иши менен таанышты
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев "Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Берилген маалыматка ылайык, өкмөт башчыга аэропорттун инфраструктурасын модернизациялоо иштери тууралуу маалымат берилген.
Аэропорт комплексин реконструкциялоонун алкагында терминал 20 миң чарчы метрге кеңейтилүүдө. Курулуш аяктагандан кийин терминалдын жалпы аянты 60 миң чарчы метрди түзөт. Аэропорттун учуу-конуу тилкеси капиталдык оңдоодон өткөрүлдү жана CAT III заманбап жарыктандыруу системасы орнотулду. Бул коюу туманда же көрүү чектелген учурда да учуу иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары унаа токтотуучу жай менен аэропорттун терминалынын ортосунда жабык жөө адамдар өтүүчү жол курулат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















