super.kg logo

Конго Республикасында Бириккен улуттар уюмунун 14 өкүлү өлтүрүлдү

 

Конго Демократиялык Республикасындагы Бириккен улуттар уюмунун базасына кол салуу болуп, уюмдун 14 өкүлү каза болду. Бул тууралуу маалыматты уюмдун маалымат катчысынын билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, кол салуудан уюмдун дагы элүүдөй өкүлү жаракат алган. Бириккен улуттар уюмунун тарыхындагы көп жылдардан берки эң коркунучтуу кол салуу Уганданын "Конголук жоокерлер" деп аталган тобу тарабынан жасалгандыгы айтылууда. Топтун 5 жоочусу окуядан кийин жок кылынган.

Кол салуу Түндүк Киву провинциясында жайгашкан Бени шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан Улуттар уюмунун базасына жасалган. Ал 4 саат убакытка созулган. "Конголук жоокерлер" тобу аталган өлкөдө байма-бай кол салууларды жасап келет. Алар ушул жылдын октябрь айында эле жергиликтүү 26 жаранды өлтүрүшкөн.

Конгодо БУУнун эң ири өкүлчүлүгү жайгашкан. Анын өкүлдөрүнүн тынчтыкты орнотуу миссиясына конголук 20 миңден көп адам кирип, ал үчүн жылына 1 миллиард доллар каражат жумшалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
09.12.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ммм. Жаман эле болуптур
09.12.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Туура эле кылышкан.БУУ деп коюшат, алар американын разведкасы, 1миллиард долларды кайдан табат? Баягы эле америка каржылайтда.
09.12.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоочусу - деген Кайсы создун котормосу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: