Өткөн сутка ичинде өлкөдө 8 өрт кырсыгы катталып, 1 адам каза болду
13-декабрь күнү саат 08:30дан 14-декабрь күнү саат 08:30га чейин өлкө боюнча 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
"Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөтү айылындагы турак жайдан чыккан өрттөн 43 жаштагы В.В.В аттуу үйдүн ээси каза болгон", - деп билдиришти ӨКМдан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.