super.kg logo

Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев сегиз жылга эркинен ажыратылды

 

Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев сегиз жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү 15-декабрь күнү Москва шаарынын райондук соту чыгарды. Айыпталуучу сот залынан камакка алынды. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазышты.

Мурдагы министрдин өкүмүн угузуу процессине Орусиянын жана чет элдик жүздөн ашуун журналист келген. Бардык маалымат каражаттары соттук отурумду тексттик онлайн-трансляция менен коомчулукка жеткирип турду. Сот Улюкаевдин пара алгандыгы далилденгенин айтып, күчөтүлгөн режимде 8 жылга камакка кесип, 130 миллион рубль айып салды.

Белгилей кетсек, Орусиянын мурдагы экономика министри Алексей Улюкаев "Роснефтинин" башчысы Игор Сечинден "Башнефти" ишканасынын акцияларын сатып алуу келишимин түзүүгө уруксат бергени үчүн эки миллион доллар пара алган деп айыпталган.

Алексей Улюкаев 2013-2016-жылдары Орусиянын Экономика министрлигин жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: