Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 5 адам жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, кырсык бүгүн, 16-декабрда саат 18:30дар чамасында катталган.
"Бишкек-Ош унаа жолунун 299-чакырымында Хундай Гетз жана Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаалар катышкан жол кырсыгы катталды. Анын натыйжасында Хундай Гетз үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 3 адам, Хонда Степвагон унаасында бара жаткан 2 адам каза болгон. Дагы 5 адам ооруканага жеткирилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Андан сырткары алдын ала маалыматтар боюнча Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынан Аксы районуна бара жатканы, Хундай Гетз үлгүсүндөгү унаа болсо Токтогул районунун Үч-Терек айылынан райондун борборун көздөй сапар тартканын кабарлашты.
Ошондой эле учурда аталган факты боюнча териштирүү иштери жүрүп, каза болгон жана жабыркаган адамдардын аты-жөнү такталып жатканы маалым болду.


степ эмей эле смерт болдуго бул машина
Кыстырма...
Инфо, 5 адам жаракат алды деген суйломду ондоп коюнуздар.
Эгер Окмот жол кыймылын жонго салса, кадам сайын камера илип койсо, мас унаа айдагандарды акчасын алып кое бербей 2-5 жылга унаа айдоого тыю салса, кырсыктар азаят, Шумахерлер айып толой берип чонтогу жукарганда унаасын жай айдап калышат...
Анан да вод.праваны башынан бериш керек экзамен алып, ошондо толтура айдоо
Бирок машинада эмне айып, оңбу солбу аны акылы бар адам башкарып кетип атпайбы