Бишкекте аялды жолтандабас сүзүп, андан соң аны мерседес тебелеп кетти
Бишкек шаарындагы Горький, Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде жол тандабас жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Натыйжада жүргүнчү каршы тилкеге чейин ыргып кеткен. Андан соң аны каршы тилкеде келе жаткан айдоочу мерседес унаасы менен тебелетип кетти. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди. Окуя бүгүн 18-декабрда, болжол менен кечки саат 8дер чамасында болгон.
Тойота үлгүсүндөгү унаа Горький көчөсү менен күн батыш тарапка баратып аялды сүзүп кетти. Аял каршы тилкеге ыргып кетип аны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа тепселеп кетти. Жабырлануучуну "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери келип, ооруканага алып кетишти. Ал эми 2 унааны Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери атайын айып аянтына алып кетти", - дейт күбө.


Күнөө жолтандабаста анан бечаранын өзүндө. Мерседесте күнөө жокда
Мерседесте менимче чын эде күнөө жок. Мүмкүн жолтандабас да өз жолу менен бараткандыр ? Жөө жүргүнчү атайын белгиленген жерден өтпөй, жол эрежесин бузуп бараткан ?
"Гладиатор" кинодо көргөм ат арабанын балонундагы учтуу миздери чыккан темирлерди, ошондой болтторду балондоруна бурап алышыптыр кээ бир айдоочулар. Бул жапайычылык деп ойлойм.
Ашага 50миллион рубль грантты берип койгон чынгыз айтмотовдо күнөө. ашаны текшербей өзүңүз бергенсиз деп унчукпай койгон акаевде күнөө. Акаевди алып келген чынгыз айтматовдо күнөө
Бирок жоо жургунчулордун кобу жан кереги жоктой журушот. Миллион жерден да пешеходдон отуп баратсан да эки жакты карап отуш керек.
Эки кулакта наушник, жайбаракат аллеяда кетип бараткансып отушот.
Орустардын анекдотундай:
Пешеход жолдон отуп баратып: Не поезд объедет!
Айдоочу болсо: Не слон отойдет! деп ойлонушат.
Эн коп зыянды тарткан пешеход эле.