super.kg logo

Депутат Канат Исаевдин иши боюнча соттук териштирүү жыйынтыкталды

 

22-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге козголгон кылмыш иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда сот отуруму улантылды. Жактоочусунун SUPER.KG'ге кабарлашынча, кечээки отурумда иш материалдарды териштирүү аягына чыкты.

"Иш материалдары 25 томдон турат. 22-декабрда акыркы 3 том каралып бүттү. Андан кийин ал Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда сатылган делип жаткан имаратты баалоо өтүнүчү келтирилди. Бирок судья отурумду кийинки жумада улантуу чечимин кабыл алды", - деп билдирди жактоочусу.

Президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратура Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда Канат Исаев УКМКнын тергөө абагында.

2-октябрда Биринчи Май райондук соту Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. 16-октябрда шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган болчу. Биринчи Май райондук соту 25-ноябрда баш коргоо чарасын кайра карап, анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 2018-жылдын 30-январына чейин узартуу чечимин чыгарган.

Айта кетсек, Исаевдин Биринчи Май райондук сотунда дагы бир иши каралып жатат. Ал 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталууда. Анда Исаев 2009-жылы Токмок шаарынын мэри болуп турганда 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасын 17 миллион сомдон ашык акчага баалаганы маалым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: