super.kg logo

ИИМ: "Бишкекте өспүрүм баланы сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалды"

 

Бишкек шаарында өспүрүм баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу 26-декабрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-декабрда саат 13:00 чамасында Бишкектин Көлбаев менен Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден өтүп бараткан өспүрүм баланы унаа сүзүп кеткени боюнча милицияга кабар түшкөн. Окуя болгон жерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматкерлери барган. Күбөлөр баланы сүзүп алган ВАЗ-2107 автоунаасынын айдоочусу өспүрүмдү унаага салып ооруканага алып кеткенин айтышкан. Бирок териштирүү учурунда жергиликтүү бейтапканаларга эч ким кайрылбаганы аныкталган. Мындан улам тартип сакчылары айдоочу жана жабыркаган өспүрүмдүн жүргөн жерин аныктоо үчүн издөө иштерин башташкан. Анын жыйынтыгы менен унааны башкарып жүргөн 1989-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну А.А кармалган.

Айдоочунун айтуусунда, ал өспүрүмдү сүзүп алгандан кийин баланы унаага отургузуп, ооруканага алып жөнөгөн. Жолдо баланын жакындарын жолуктуруп шаардык ооруканага бирге барышкан. Дарыгерлер баланын абалын текшерип, анын жеңил жаракат алганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: