super.kg logo

Бишкекте президенттик балаты майрамы болуп өттү

 

Бүгүн, 28-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда бөбөктөргө арналган президенттик балаты болуп өттү. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 1100 бала катышты. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, президенттик балатыга мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана жыл ичинде ар тармактан ийгиликке жетишкен, мыкты окуган окуучулар, памирлик кыргыздардын, Дача-СУда каза болгондордун балдары чакырылган.

Ошондой эле өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл Токоева менен, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана башкалар келишкен. Майрам балдарга арналган жомоктор, эстрада жылдыздарынын чыгармалары менен башталып, өлкө башчынын куттуктоо сөзү менен жыйынтыкталды.

Президент балдар менен амандашып алган соң, жүрөгү таза бөбөктөрдүн кол чабууларына ыраазычылык билдирип, жакшы каалоо-тилектери менен бөлүштү.

"Мен президенттик балатыга биринчи жолу катышып, толкунданып турам. Келе жаткан жыл аруу, таза тилектер менен коштолсун. Балага татыктуу тарбия берүү мамлекеттин келечегине кошкон чоң салым. Балатыга катышып жаткандардын баары мыктылар. Силердей балдар биздин келечегибиз. Келе жаткан жыл молчулуктун, токчулуктун жылы болсун", - деди ал.






Президенттик балаты: Ханайым Айгүл Жээнбекова биринчи жолу эл көзүнө чыкты

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
SUPER.KG видео
28.12.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элдин умутун актап жакшы иштениз Сооронбай мырза аялы дагы вооо
28.12.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетелеп жургон ак бантикчен кыз кызыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: