super.kg logo

ИИМ: "Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү аны менен тааныш болгон эмес"

 
Шектүү
Улан Салянов
Улан Саляновдун үйү

Депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип кармалган жаран аны менен тааныш болгон эместигин, бир гана жолу жолугушканын айтканын SUPER.KG'ге ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, кармалган адам буга чейин карактоо, бейбаштык, уурулук сыяктуу кылмыш иштеринин негизинде 4 жолу соттолгон.

"Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип кармалган жаран буга чейин 4 жолу соттолгон. Алдын ала белгилүү болгондой, Улан Саляновду өлтүргөндөр анын акыркы 7 жылда унаа сатып иштегендигин, үйүндө акча бар экендиги боюнча маалыматка ээ болуп, карактоо максатында барышкан. Бирок алар акча талап кылганда маркум менен уруша кетишип ок чыгарып жиберишкен", - деп билдиришти ИИМден.

Кармалган адам 28-декабрда маркумдун үйүнө барып окуя кандай болгонун тергөөчүлөргө көрсөтүп берген.
Учурда Саляновдун өлүмүнө шектүү башка адамдардын аты-жөнү такталып, издөө иштери улантылууда.

ИИМдин маалыматы боюнча, 27-декабрь күнү кечинде Саляновдун өлүмүнө шектүү катары 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын Э.О. аттуу тургуну кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү кармалган учурда анын жанынан Салянов атылган "Макаров" тапанчасы 17 огу менен табылган.

"Шектүү алдын ала сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алды. Анын жанынан табылган тапанча экспертизага жиберилди. Учурда Саляновдун өлүмүнө катыштыгы бар адамдарды кармоо үчүн издөө жана тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришкен ИИМден.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
29.12.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ишениш кыйын. Азыр куноосуз адамды эле куноолуу кылып коюшат
29.12.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындап олтургонду кармашса экен. Карапайым бечараны кучко салып мойнуна алдырышбай, эгер куноосу болсо жазасын алсын. Булардын айынан бир уй булоо кароосуз кадып отурат, убалы кимге. Эгер жон эле ишти жабыш учун мойнуна алдырышса анда бийликтин абийиринде баары. Убакыт корсото
29.12.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыйнап мойнуга койгондой сезилип жатат
29.12.2017. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул арсыз бийликтин кезектеги спектакли. "Акылдуулар" тараптан ойлоп табылган сценарий боюнча кетип жатат.
29.12.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
orun,ооба,кылмыш кылгандар формачандар болгон дешпеди беле.Атайын машиненин артын уй жагына койгон,жип болгон деген далилдер бул балага туура келишине кумонум бар.Эх сотто эх соттор!!!
29.12.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
raikakyz,анан калса тапанчаны сактап журмок беле ошончо кундон бери.ИИМ озунорду эр ойлобогулачы.Куноосуз куноолуу кыласынар зордоп,уятсыздар!
29.12.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
raikakyz,туура 4 жолу соттолосо бул балада кайдан кымбат баалуу машина болсун
29.12.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган Калп !!!!
29.12.2017. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят сөздөр да чыгып кетип атат, супер инфо.
29.12.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абайлап жазалы эмоцияга алдырбай.
30.12.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экспертизага эми жонотсо, каяктан билишет ошол тапанча экенин.
31.12.2017. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бала менен ИИМдегилер суйлошуп кармаштыда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: