Санкт-Петербургда болгон жардырууну “Ислам мамлекети” террордук уюму моюнуна алды
Санкт-Петербургда болгон жардырууну “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюму моюнуна алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 27-декабрда Санкт-Петербург шаарында жайгашкан "Перекрёсток" дүкөнүндө болгон жардырууну “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюму моюнуна алган. Бул жардырууну “Ислам мамлекетинин" өкүлдөрү уюштуруп ишке ашырышкан.
Эскерте кетсек, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жардыруу болуп 10 адам жаракат алып анын ичинен төртөө ооруканага жеткирилген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Газеталары жарнактары барда ошол
Жака чыгарат.
Ал террористик уюм чачырап кетеишкен эле,кантип дагын теракт уюуштура койду?!