super.kg logo

Ирандагы баш аламандыктан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок

 

Иранда нааразычылык акцияларында каза болгон 12 адамдын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-декабрда Ирандын жергиликтүү тургундары бийликке нааразычылык митингин башташкан. Жыйынтыгында коопсуздукту көзөмөлдөө кызматкерлери менен митингчилердин ортосундагы тирешүүдөн 12 адам каза болуп, жүздөгөн адам камакка алынган.

Митингге чыккандар өлкөнүн оор экономикасынын айынан бийлик өкүлдөрүнө нааразычылык айтып чыгышкан. Алар полиция бөлүмдөрү менен аскердик базаны басып алууга аракет кылышкан. Ал эми Иран президенти Хасан Рухани өлкө жарандарын тынчтыкты сактоого чакырган.

Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын төрагасы Алаэддин Боруджердинин айтымында, бул митингчилердин аракетин Ислам революциясынын каршылары колдоп жатат.

Кийинчерээк жергиликтүү телеканалдар билдиргендей, Иран бийлиги өлкөдөгү кырдаал курчуп кетпеши үчүн Инстаграм жана Телеграм социалдык тармактарын жапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.01.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргыздарга окшойбуз дегенго биз аягына чейин чыгабыз
02.01.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aerforce,аягына чыккан пенен бир пайда болбоду. Баягы эле жепжутаттар менен карышкырлар отурат
02.01.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1978 жылга чейин Иран светский онуккон мамлекет болгон. Эч ким арабтардын хиджаб параждасын кийишкен эмес. 1978 жылы бийлике тонкоруш аркылуу ашынган исламчыл динчил адамдар бийлике келишкен. Алар Ирандагы бут театр концерт искуство маданияттын баарын жок кылышкан. Ошонун жаман кесепетин азыр коруп жатышат. Элдердин кобу карангы. Диний чектоолор эч кимисине жакшылык алып келген жок.
02.01.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар кандай саясий же диний коз караш менен озунун эркиндигин чектеген эл эч качан онукпойт. Ирандын жаштары светтик олкону жакташат. Ошондуктан бийликте отурган кудайчылдарга каршы чыккандары ошондон.
03.01.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жарандарына ал жакта ХХХХ барбы
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-03 13:22:37
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: