super.kg logo

Чүйдөгү кол салуудан жаракат алган жаранга операция жасалды. Кол салуудан анын 65 жаштагы апасы жана 45 жаштагы аялы каза болгон

 

1-январга караган түнү Чүй облусунун Москва районундагы белгисиз адамдардын огунан жаракат алган 46 жаштагы Владимир П. аттуу жаранга операция жасалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 2-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова кабарлады. Анын айтымында, учурда жаракат алган адамдын абалы туруктуу.

"Кырсыктан кийин жаракат алган адам райондук ооруканага жаткырылган. 1-январь күнү Бишкектеги Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургия бөлүмүнө которулуп, үстүнкү жаагына операция жасалды. Учурда абалы туруктуу", - деди Мамытова.

Белгилей кетсек, саат 4 чамаларында болгон кол салуудан 46 жаштагы үй ээсинин 65 жаштагы апасы жана 45 жаштагы аялы каза болгон. Кырсык катталган учурда үй ичинде 2 айлык наристе да болгон. Учурда ал туугандарынын колунда. Ал эми укук коргоо органдарынан кабарлашкандай, кылмыш ишине шектүү катары 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В. жана 20 жаштагы Д.К. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоо жайына камакка алынышты. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 1-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин өзүнө, апасына жана келинчегине ок чыгарышкан. Алган жаракатынан улам апасы менен келинчеги окуя болгон жерден каза болуп, өзү оор абалда ооруканага жаткырылган.






"3 айлык наристеге курал такап, акча бербесең атып салам дептир" дейт маркумдардын кошунасы

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: